Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди. Ал жаңжалдын ыйык Орозо айында болуп жатышы өкүнүчтүү экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы карапайым жарандардын курман болушун айыптап, алардын жакындарына көңүл айтты.
Жапаров БУУнун уставына ылайык, тараптарды сабырдуулукка чакырып, согуш аракеттерин токтотууга, кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн диалогго кайтууга үндөдү.

