Жогорку Кенеш Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Депутат Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, долбоорго ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны 12ден 7ге чейин кыскартуу сунушталууда.
3 мүчө — президенттин квотасы менен
4 мүчө — парламенттин квотасы менен шайланмак.
Бирок экинчи окууда кызыкчылыктар кагылышпашы үчүн мүчөлөрдүн санын 8 кылып бекитүү сунушу айтылды.
Депутаттардын айтымында, өзгөртүүлөр:
мамлекеттик аппаратты оптималдаштырат
чечим кабыл алууну ылдамдатат
бюджеттик чыгымдарды азайтат
Ошондой эле кворум маселеси көп жаралары белгиленди — айрым учурда БШК мүчөлөрү жыйындарга онлайн катышып келген.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырып, 8 мүчөлүү курам оптималдуу болушу мүмкүн экенин белгилешти.

