№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого алты талапкер катышуу ниетин билдирди

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого алты талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар:

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович;
  • Маматаев Эркинбек Садирбекович;
  • Асанов Уланбек Жалалович;
  • Асамудинов  Бактыбек Асанович;
  • Калматов Токторали Калдарович;
  • Чолпонов Уланычбек Калдарбекович.

Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Эске салсак, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *