Россиядагы “көзөмөлдөгү адамдар” реестринде 34,7 миң кыргызстандык бар

Россиянын көзөмөлдөгү адамдар реестринде учурда 34 миң 786 Кыргызстандын жараны каттоодо турат. Бул тууралуу 15-январда өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

 Министрдин айтымында, 2024-жылдын ноябрында бул көрсөткүч 128 миңге жакын болгон. Көпчүлүк мигранттар реестрден өздөрүн текшерип, берилген кошумча убакыттын ичинде укуктук макамын мыйзамдаштырууга жетишкен.

 Ошол эле учурда айрым жарандар тизмеде калып, депортацияга дуушар болуу коркунучу бар экени белгиленди.

 Жээнбек Кулубаев мамлекет жана ТИМ бардык зарыл чараларды көргөнүн, бирок ар бир жаранды жеке коштоп жүрүү мүмкүн эместигин айтты. Анын айтымында, Россияда бош жумуш орундар көбөйгөндүктөн, миграциялык саясатты жумшартуу ыктымалдыгы бар.

 Министр ошондой эле эмгек мигранттарынын кайтып келиши Кыргызстан үчүн да пайдалуу экенин, өлкөдө көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумушчу күч керек экенин баса белгиледи. ТИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январына карата чет өлкөлөрдө 608 миңден ашуун кыргызстандык жүрөт. Алардын 376 миң 907си Россияда миграциялык каттоодо турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *