Шарт жок, адвокат, котормочу менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Акыйкатчы чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу борборду текшерди.
Маалыматка караганда, учурда аталган жайда 160 адам кармалып турат. Борбордун санитардык-гигиеналык шарты начар, имараттын ичиндеги дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр иштебейт. Жылытуу системасы жок болгондуктан төрт бөлмө гана кондиционер менен жылыйт. Калган бөлмөлөр суук.

“Борбор үчүн ашпозчу каралганы менен чет өлкөлүк жарандар тамак-ашты өздөрү сыртта бышырып жешкени аныкталган. Аларга адвокат, котормочу менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Институт жогорудагы мыйзам бузуулар тууралуу өкмөткө расмий кайрылуу жөнөткөн.
