Тышкы иштер министри: АКШнын виза алуу үчүн койгон 15 миң доллардык күрөөсү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШнын виза алуу үчүн койгон 15 миң доллардык күрөөсү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө. АКШ тарап гуманитардык байланышты бекемдеп, ошол эле маалда миграциялык саясатын күчөтүп жатканын айткан.

“Бизде маяна 40 миң доллар болсо бир жөн эле. Эгерде айлык миң доллардан ашпаса, жарандарыбыз эмне кылышы керек деген суроону коюп жатабыз. Талаптар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө дагы коюлган. Албетте, жамааттык талкуулар болот, азырынча АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деди Жээнбек Кулубаев брифингде.

Ал, мындан тышкары, иммиграциялык визаларды берүүнүн токтотулушу боюнча да үн катып, бул АКШнын ички маселеси экенин айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *