Быйыл Ысык-Көлдө 1 миллион 300 миң турист эс алган

Быйыл Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келип эс алган. Бул тууралуу Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусунда жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен жолугушуу учурунда маалымдалды.


«Биздин аймактагы туристтердин саны өсүп жатканын байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү жогоруу деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе бул экологияны коргоо жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул багытта бардыгыбыз биргеликте иш алып баруубуз зарыл», — деп белгиледи облус жетекчиси.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча 1127 конок үйү бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *