2023-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда иммундук жетишсиздик вирусунун 13 030 учуру расмий катталды. Анын 12 272си – Кыргызстандын жарандары калганы чет өлкөлүктөр. Көрсөткүчтүн 46% аялдар менен кыздар түзөт. Бул тууралуу Республикалык Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору маалымдады. Эпидемияга байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эсептерге караганда, 3233 адам вирустан көз жумду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жер жүзүндө ВИЧ 40 миллиондой адам жугузган. Кыргызстандагы биринчи учур 1996-жылы катталган.