Кыргызстанда акыркы беш жылда 141 тонна алтын өндүрүлдү

Акыркы беш жылда Кыргызстанда 141 тонна алтын өндүрүлгөнүн жаратылыш ресурстары министринин орун басары Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылга чейин жылына орточо 15 тонна казылса, 2021–2025-жылдары бул көрсөткүч орто эсеп менен 26 тоннага жеткен.

Ошондой эле «Кумтөр» боюнча маалымат берилди: таза киреше 2024-жылы 397,7 млн доллар, 2025-жылы 706 млн доллар болгон. 2021–2025-жылдары ишкана бюджетке 100,6 млрд сом төлөп, ал эми акыркы беш жылда жер казынасын иштетүүдөн түшкөн салык жана башка төлөмдөр 217,9 млрд сомду түзгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *