Түркиядагы белгилүү Happy Center соода тармагы кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сатып алат. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин катышуусунда Түркия Республикасындагы Happy Center соода тармагынын ээси Явуз Алтун мырза жана кыргызстандык экспортчулар менен иштиктүү жолугушуу өттү.


Жолугушуунун жыйынтыгында Happy Center соода тармагына ата мекендик товарларды жеткирүү боюнча бир катар меморандумдарга кол коюлду.
Министр Д.Амангелдиев белгилегендей, Түркия Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана Улуттук статистикалык комитеттин расмий маалыматы боюнча 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Түркия менен тышкы соодасынын көлөмү $464,0 млн. сомду түздү жана 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га өстү. Анын ичинен экспорт 117,7 миллион долларды түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 17,7%га өстү, ал эми импорт 346,3 млн. жана ошондой эле 3,1%га өскөндүгү белгиленди.
Маалымат иретинде:
Happy Center чекене тармагы Түркиянын 1996-жылдан бери чекене соода тармагында иштеп келе жаткан жергиликтүү азык-түлүк дүкөндөрүнүн эң ири тармагы. Жалпы штат – 6000 кызматкер. Happy Center соода тармагынын Түркиянын 5 провинциясында 200гө жакын дүкөнү бар.

