30-ноябрда Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү тараткан 3 окуучу аныкталды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары кармалган. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.


Аталган мектеп окуучулары ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышкан. Учурда бул өспүрүмдөрдүн Бишкектеги жардыруулар боюнча анонимдүү маалыматтар боюнча башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы болгону туралуу такталууда.
УКМК террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин эскертти.


Кылмыш-жаза кодексинин “Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган адам бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же айыпка жыгылат. Беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы да каралган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *