Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, турак жай кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти гана жүзөгө ашырат,башка түрлɵрү каралбайт. Кооперативдердин ишин, анын ыйгарым укуктары Министрлер кабинети тарабынан аныкталат, кооперативдер өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүп, устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныкташы керек. Бул талап аткарылбаса ал каттоодон өтпөйт. Кооперативдин иши тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн. Аудитордук уюмду тандоо кооперативдик кеңеш же ревизиялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Мында аудитордук уюмду тандоо конкурстук негизде өтөт.

Кызыкдар жактын кооперативдин уставы менен таанышууга укугу белгиленген.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи катталган. Булардын ишине байланыштуу эки жылда 140тай кылмыш иши козголгон.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *