Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
-Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев;
– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
– энергетика министри Таалайбек Ибраев;
– финансы министри Алмаз Бакетаев;
– экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев; Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *