Баткендин Самаркандек айылында жаңы оорукана салынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Пайдаланууга даяр жаңы оорукананын имаратынан Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев кабар алды.


Аталган оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен курулду.
75 орунга ылайыкташтырылган оорукананын курулушу Кыргыз Республикасынын Президентин Фондунан каржыланган.
Жалпы 100,56 млн сом жумшалды.


Учурда курулуш толугу менен аяктап,керектүү эмеректери менен да камсыздалган.
Оорукана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *