Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-7-январды эс алуу күнү деп жарыялоону сунуштап жатат. Эгер бул сунушту министрлер кабинети жактырса, анда жаңы жылдык каникул бир жумага созулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, кыргызстандыктар 2024-жылдын март айында төрт күн, май айында беш күн катары менен эс алышы ыктымал.
Анда Нооруз майрамына байланыштуу 21-24-март эс алуу күндөрү болуусу күтүлсө, май айындагы каникул 1-майдан 5-майга чейин созулуусу мүмкүн.