Нооруз майрамына карата Ош шаарынын айрым көчөлөрү жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Буга байланыштуу бүгүн 20-март күнү саат 14:00дөн баштап Ленин көчөсүнүн Аматов көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, Баялинов көчөсүнө чейинки аралык унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
(№2 троллейбустук каттамы дагы убактылуу токтойт) Курманжан-Датка көчөсүнүн түштүк тарабынан келүүчү автоунаалардын кыймылы Баялинов көчөсү аркылуу жүрө турганын маалымдайбыз. 22-март күнү жол кыймылы кайрадан баштапкы калыбына келтирилет.

