Айыл жерлерине да заманбап шарттары менен ипотекалык үйлөр курулат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-январда «Кабар» улуттук агенттигине маек берип мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасы тууралуу түшүндүрдү.

“МИКтин программасы аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай калат. Эгер батирлерди өздүк наркында эле берсек, компания бат эле банкрот болуп калмак. Анткени 25 жылдык мөөнөт, инфляциянын таасири жана компаниянын минималдуу кирешеси да эске алынууга тийиш. Ошондуктан баа саясаты ушундай болуп жатат”
-деген Жапаров.

Бишкекте кезекте турган жарандар үчүн батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан районуна жараша 900 доллардан 1 000 долларга чейин берилет.

“Үлүштүк курулуш” механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан аймагына жараша 1 000 доллардан 1 400 долларга чейин (“Под ключ”).

Шаар четиндеги райондордо баа төмөнүрөөк, “элитный” жана “алтын квадрат” деп аталган борбордук аймактарда жогору болот.

Белгилей кетсек, буга чейин Курултайда делегаттар МИКтин үйлөрү кымбат болуп жатканын айтышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *