Садыр Жапаров тууралуу “Президент” деген даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу журналист жана кинорежиссер Айбек Бийбосунов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, анда президент Садыр Жапаров акыркы 4-5 жылдагы орчундуу саясий окуяларга кеңири токтолуп, буга чейин коомчулукка айтылбаган маалыматтар менен бөлүшөт. Ал ошондой эле тасмада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу да ачык айткан кадрлары бар экенин кошумчалады.
Маалыматка ылайык, даректүү тасма төрт эпизоддон турат. Биринчи сериясы 5-январда саат 19:00дө, калган сериялары 6,7,8-январда Айбек Бийбосуновдун YouTube каналында көрсөтүлөт.
көрүлдү: 270