Бүгүнкү күндө Кыргызстанда маймыл чечек оорусу катталган жок жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери ооругандардын саны 15 600 адамды түзгөндүгү айтылууда. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болду. Маймыл чечек оорусуна байланыштуу айрым өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлиги оору катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүүнү сунуштайт

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *