Бийликти басып алууга даярдыкты уюштуруу боюнча иштин фигуранттары СИЗО-1ге киргизилди.
Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев, Кубанычбек Кадыров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2026-жылдын 27-декабрына чейин камакка алынды.
Калган шектүүлөр тергөө абагына киргизилген.
ИИМ буга чейин парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданып жүргөн делген топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген.
