Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “Адахан” шахтасы урап, ичинде адамдар калып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары шахтанын 110 метр тереңинде калган 4 адамдын өмүрүн сактап калышты.

Куткаруучулар алгач жер алдында калган Сүлүктү шаарынын тургундарын дем алдыруу максатында, түтүк менен жер алдына аба жеткиришкен.

Күжүрмөндүк менен уранды тазаланып, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарып алышкан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *