Муфтият Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу умра сапарына убактылуу чектөө киргизүүнү пландап жатат

Муфтиятта өткөн жыйында коопсуздук маселеси талкууланып, ага Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, ошондой эле авиакомпаниялар жана туристтик фирмалардын өкүлдөрү катышты.

Муфтий Абдулазиз Закиров дүйнөдөгү учурдагы кырдаал жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында кырдаал турукташканга чейин Кыргызстандын жарандарын умрага жөнөтүүгө убактылуу чектөө киргизүү сунушталды. Туристтик компанияларга жана авиакомпанияларга да азырынча умра сапарларын уюштурбоо сунушу берилди.

Ошондой эле токтотулган каттамдарды Jazeera Airways, Flynas жана Air Arabia аркылуу кайра жандандыруу аракеттери жүрүп жатканы айтылды.

Эске салсак, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандан ал жакта жүргөн жарандарды эвакуациялоо башталган. Буга чейин эки атайын авиакаттам менен 260 жаран өлкөгө алып келинген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *