«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 9-мартта Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап чыгып, биринчи окууда жактырды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев белгилегендей, мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты – анын жоболорун Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин жаңы редакциясына жана 2025-жылдын 6-августунда кабыл алынган «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга ылайык келтирүү болуп саналат. Тактап айтканда, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» мыйзамы менен» деген сөздөрдү «Санарип кодекси менен» деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.

Талкуу маалында депутаттар аталган мыйзам долбоору боюнча бир катар суроолорду берип, таратылып жаткан маалыматтын ишенимдүүлүгүнө, объективдүүлүгүнө жана сапатына өзгөчө көңүл бурушту. Эл өкүлү Салтанат Аманова мамлекеттик басылмалардын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана турак жай маселелерин чечүү боюнча да маселелерди көтөрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *