Венесуэланын президентин кармоо учурунда коопсуздук кызматкерлеринин көбү өлтүрүлгөн

Венесуэланын президенти Николас Мадурону уурдоо учурунда анын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлердин басымдуу бөлүгү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Владимир Падрино Лопес билдирди.

Анын айтымында, Улуттук куралдуу күчтөр Боливар Республикасынын конституциялык президенти, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Николас Мадурону жана анын жубайы, биринчи айым Силия Флорес де Мадурону уурдоону кескин айыптайт. Министрдин билдирүүсүндө бул кылмыш 2026-жылдын 3-январында жасалганы, анын алдында коопсуздук тобунун бир бөлүгү — аскер кызматкерлери жана бейкүнөө жарандар, анын ичинде эркектер менен аялдар — атып өлтүрүлгөнү айтылган.

Ошондой эле Владимир Падрино Лопес бүгүн Венесуэланын парламенти кадимки тартипте ишин жандандырарын маалымдады.

Буга чейин The New York Times басылмасы жогорку даражалуу венесуэлалык аткаминерге шилтеме берип, АКШнын Венесуэлага жасаган чабуулунан кеминде 40 адам каза болгонун жазган. Кийинчерээк каза болгондордун саны 80ге жеткени тууралуу маалыматтар чыккан.

Эске салсак, 3-январга караган түнү Венесуэланын борбору Каракаста бир нече жарылуу катталган. Маалыматтарга ылайык, АКШнын аба күчтөрү атайын операция жүргүзүп, ошол учурдагы президент Николас Мадурону жана анын жубайын кармап, күч менен өлкөдөн чыгарып кетишкен. Алар Нью-Йорктогу түрмөлөрдүн бирине камалганы айтылууда.

Мадурого кылмыштуу топту жетектеген, АКШда террордук уюм деп таанылган структура менен байланышта болгон деген айып тагылган. Мындан тышкары, ал жубайы, уулу жана жакын санаалаштары менен бирге Колумбиядагы кокаин өндүрүү жана ташуу менен алектенген топтор менен сөз байлашкан деп шектелүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *