“Таң сыры” кыргыздын жүрөгүндө эл-жерге, мекенге болгон сагынычтын гимнине айланган. Бирок аталган ырдын тарыхына токтолсок, ал башка өңүттө, тактап айтканда чет элге турмушка чыгып, кайра такыр башка тагдырда мекенге кайтып келген кыргыз кызына арналган.
Бул ырды автор университетте окуп жүргөндөгү жоопсуз сүйүүсүнө арнап жазган. Анын сүйгөн кызы чет элдик жигитке турмушка чыгып,таңы салкын өлкөнү тандап кетет. Ал эми ырдын саптарында жигиттин сүйүү арманы, күйүтү, сүйүктүүсүнүн мекенин сагынаары, куса болоору жана Ала-Тоонун кучагына кайтып келээри боолгонгон.
Кийин бул ырдын башкы карманы таптакыр башка тагдырда, экинчи никеси менен Кыргызстанга кайтып келет. Ал эми автордун сүйүүсү жоопсуз бойдон калат. Албетте, мунун баары ойдон чыгарылган жок, бул ырдын автору Кыргызстандын көрүктүү архитектору Аскар Исаев болгон. Ырдын башкы каарманы Мария Урматова. Ал эми анын экинчи күйөөсү баарыбыз билген белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов болгон. Айтматов Мария Урматованы Японияга болгон иш сапарында таанып, кийин экөө баш кошуп Кыргызстанга кайтып келишет. Бул ыр дагы дал ошол мезгилде жазылган.
“Таң сыры” өз доорунун өкүлдөрүнүн сүйүү тарыхынан баштап, эмгек миграциясын камтып, эки кылымда 3 башка мазмунда элге жайылды.

Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылгам,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге барып күйүтүмдү,
Кимге айтып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *