Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Свердлов районунда жер тамда жашаган аял көп убакыттан бери үйүнүн алдына таштынды үйүп жүрө берген. Анын айынан адам чыдагыс жыт пайда болуп, коңшулары акимчиликке кайрылган. Маселени чечүү үчүн алгач үйдүн ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес.
Ага байланыштуу таштандыларды муниципалдык кызматтар өздөрү чыгаруу үчүн «Бишкек санитардык полигону», «Тазалык» жана «Бишкексууканал» ишканаларынан 5 жүк ташуучу унаа жана 1 жүктөгүч тартылган. Натыйжада аталган аялдын үйүнөн 40 тоннадай таштанды чыгарылган.
Соңунда үй ээси менен дагы бир ирет түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *