Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Кара- Кыргыз автономиялуу облусуна-100 жыл” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат.
Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Ага ылайык, тыйындын төмөн жагында ак илбирстин сүрөтү,монетанын номиналы”10 сом” чагылдырылган. Монетанын жогорку жагында Ала-Тоо түшүрүлгөн .
Монетанын аркы бетинде оймо-чиймелердин ортосунда өлкөнүн герби жайгашкан. Төмөн жагында монета чыгарылган жыл –“2024” металлдын сапаты жана салмагы көрсөтүлгөн.
