Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тартип сакчылары өлкө боюнча Нооруз майрамына карата өтө турган маданий-массалык иш-чараларда элдин коопсуздугун камсыз кылат.
Эске салсак, Бишкектин айрым көчөлөрү Ноорузга карата 18-марттан 23-мартка чейин жабылары айтылган. Бул күндөрү төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилген:
Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
Раззаков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү;
Орозбеков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү.

