Урматтуу бир туугандар!

Жер жарылып, табият ойгонгон мезгилде, жылуу желдин деми жүрөктү жылытып, баардык тирүү жандыкты козгогон жана жагымдуу маанай тартуулаган, элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан Нооруз майрамы менен куттуктайм!

Эң негизгиси касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде биримдик, ынтымак болсун! Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман, жүзүбүздө жылмаю кетпесин.

Нооруз, элибизге тынчтык, токчулук, молчулукту ар бирибиздин үй бүлөбүзгө бакыт, кажыбас кайратты, иштерибизге ийгиликтерди алып келсин.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *