Имандос Бектенов Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду

Ок атуу спорту боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Имандос Бектенов Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду.
Спортчу ПП-60 версиясы боюнча катышып, жалпы 572 упай чогулткан.
Белгилей кетсек, ок атуу спорту боюнча Дүйнө кубогу жаштар жана чоңдор арасында Испания өлкөсүнүн Гранаде шаарында өтүп жатат. Ага 48 өлкөдөн келген жалпы 400 спортчу катышууда.
10-февраль күнү башталган мелдеш 18-февралда жыйынтыкталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *