Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн баасына 22-октябрдан тартып 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргенин кабарлады.
Мекеменин кабарлашынча, ар бир облуста жана Бишкек менен Ош шаарында өз-өзүнчө көмүрдүн эң жогорку баасы бекитилет.
Андан кымбат саткан жеке жактарга үч миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.
Маалыматта бул чара жылытуу мезгилинде баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн кирип жатканы айтылат.


