Ички иштер министрлиги алдамчылардын дагы бир ыкмасы тууралуу эскертти.
Алар Telegram жана WhatsApp мессенжерлери аркылуу «Бул сенсиңби?», «Видеодогу сенби?» деген билдирүүлөр менен APK форматындагы шектүү файлдарды жөнөтүшөт.
Колдонуучунун кызыгуусун жаратып, файлды жүктөп алууга жана орнотууга түрткү беришет.
Мындай файлды жүктөө жеке маалыматтардын уурдалышына жана аккаунттардын коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Андыктан белгисиз .apk файлдарын жүктөп албаңыз жана орнотпоңуз. Шектүү шилтемелерди ачпаңыз. Файл тааныш адамдан келсе да, анын чын-төгүнүн башка жол менен тактаңыз.
Аккаунттарыңызды коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны кошуңуз.
«Бул сенсиңби?» деген билдирүүнүн артында киберкоркунуч жашырынышы мүмкүн.


