Бүгүн, 23-октябрда, Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта «АгроТехЭкспо – 2026» айыл чарба көргөзмөсү жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкеси өтүүдө.
Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, көргөзмө менен таанышышты. Андан соң Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышышты.
Министр Эрлист Акунбеков айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, тармактын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин сыйлыктарын тапшырды.
Көргөзмөдө эмнелер сунушталууда?
Айыл чарбасында колдонулуучу заманбап технологиялар, кыргыз спутнигинин прототиби жана дрондор;
Асыл тукум малдар жана балык чарбасы;
Органикалык айыл чарба азыктары жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары;
Фермерлер үчүн iDiykan санариптик платформасы;
«АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу жеңилдетилген лизинг жана каржылоо программалары боюнча консультациялар.
«Алтын күз» жарманкесинде фермерлер жана кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын ортомчусуз, түздөн-түз керектөөчүлөргө сунуштап жатышат. Ошондой эле азык-түлүктөр социалдык баада сатылууда. Атайын фудтрактарда сөөктүү уй этинин килограммы 680 сомдон сунушталууда.
Иш-чаранын негизги максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана фермерлердин жетишкендиктерин көрсөтүү.
Эске салсак, аталган иш-чара 25-октябрга чейин уланат.


