Саламаттык сактоо министрлиги сынактын негизинде КММАнын 20 бүтүрүүчүсүн эң көп суроо-талапка ээ болгон адистиктер боюнча чет өлкөдө ординатурада окууга тандап аларын билдирди.
Бул тууралуу 14-февралда студенттер менен жолугушууда министрдин орун басары Бакыт Кадыралиев маалымдады.
Программага катышуунун шарты катары адистердин Кыргызстанга кайтып келип, улуттук саламаттык сактоо тутумунда иштөөсү көрсөтүлдү. Ошондой эле клиникалык даярдоо жаңыланары айтылып, 3-курстан тарта студенттер медуюмдарда көбүрөөк тажрыйба өтүшү, ал эми башкаруучулук багыттагылар үчүн министрликтин ичинде стажировкалар жана кадрдык резерв түзүлөрү белгиленди.

