Садыр Жапаров: «Элди экиге бөлүп-жарууга жол бербейм»

Президент Садыр Жапаров коомчулукта айтылып жаткан “түндүк-түштүк бөлүнүүсү күчөшү мүмкүн” деген кооптонууларга жооп берип, өлкөдө аймактык ажырымга жол берилбей турганын билдирди. Ал «Кабар» маалымат агенттигине кезектеги маегин берген.

Анын айтымында, мындай бөлүнүүлөрдү саясатчылар жеке кызыкчылыгы үчүн козутуп келген. 2021-жылдан бери аймактар аралык ротация жүргүзүлүп, акимдер менен соттор 100 пайыз алмаштырылган. Бул кадам бөлүнүп-жарылууну азайтууга өбөлгө түзгөн.

Ошондой эле президент “Акылман” аттуу мектеп-интернаттар ачылып жатканын айтты. Учурда Чолпон-Атада иштеп жаткан мектепке өлкөнүн бардык аймактарынан мыкты окуучулар кабыл алынууда. Алдыда ар бир облуста ушундай билим берүү мекемелери курулат. Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик кызматка тартылат.

Мындан тышкары, 2026-жылдын сентябрынан тарта бюджеттик негизде окуган студенттер аймактар боюнча ротация ыкмасы менен билим алышат. Түндүктүн студенттери түштүктө, түштүктүн студенттери түндүктө окушат. Бул үчүн облустарда жатаканалар курулууда.

Президент региондор аралык ынтымакты бекемдөө — узак мөөнөттүү саясат экенин белгилеп, жарандарды провокацияга алдырбоого чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *