Президент: «К.Ташиев мамлекеттик кызматка келбейт»

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берип, мурдагы позициясында калганын билдирди.

Анын айтымында, алар дос бойдон кала берет. Бирок Ташиев мындан ары мамлекеттик кызматка келбейт.

“Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги айрым адамдардан арылып, тазалансын. Тергөө органдары баарын тактап берет”, — деди президент.

Мамлекет башчы азыр бул чечимге Ташиев таарынышы мүмкүндүгүн, бирок убакыт өткөн соң туура кадам болгонун түшүнөрүн кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *