Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Герман өнүктүрүү банкынын (KfW) өкүлү Индира Молдогазиева жана GITEC-IGIP консалтинг компаниясынын долбоорунун менеджери Керез Келишова менен SAMEDIS медициналык жабдууларын санариптик инвентаризациялоо системасын киргизүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында медициналык уюмдардын иш процесстерин колдоо жана жабдууларды санариптик эсепке алууну жүргүзүү үчүн 150 принтер жана 1000 картриджди тапшыруу аземи болду.
Бүгүнкү күндө каралган бардык медициналык мекемелерде кызматкерлер үчүн окутуу тренингдери өткөрүлүп, система ишке киргизилди. Аймактарда медициналык жабдууларды инвентаризациялоо уланууда. Бишкек шаарынын жана Чүй областынын саламаттык сактоо уюмдары негизги этапты аяктап, маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңыртуу баскычына өтүштү.
Кийинки этапта санариптик чечимдерди техникалык коштоо жана андан ары өнүктүрүү иштери уюштурулат.




