Ош шаарынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйыны болуп өттү.
“2025-жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен мурда болуп көрбөгөндөй көлөмдө акча каражаттар бөлүндү. Кыргызстан боюнча эң көп каражатты 2025-жылы Ош шаарына 6,6 млрд сом бердик” – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.
МинКаб башчысынын айтымында 2025-жылы Ош шаарында 9 мектеп, 9 бала бакча жаңырды, 7 спорт, 2 маданий объект жана башка обьектилер салынды. Кыргыз Республикасынын Президентинин түз буйругу менен 2 млрд 200 млн сом Турукташтыруу фондунан бөлүп берилип, анын 2 млрд сомуна 8 негизги көчөлөр жасалды. 200 млн сомго тротуарлар жасалып, жашылдандыруу иштерин жүргүзүлгөн.

