Аны бошотуу чечими жогорку деңгээлде кабыл алынып, президент Садыр Жапаров ырайым кылуу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Эске салсак, 2024-жылдын октябрында сот Ажиевди мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан. Ал притон уюштуруу, порнография таратуу, кылмыштуу топ түзүү жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган. Вебкам-тармактын уюштуруучусу 2023-жылы кармалган болчу.

