Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу Саиф Каддафи өлтүрүлгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары, араб телеканалдары кабарлашты. AFP агенттиги маалыматты Каддафинин туугандарына жана кеңешчисине шилтеме кылып жазды.
Саудиялык Al Hadath телеканалы маалымдагандай, 53 жаштагы Саиф Каддафини Ливиянын батыш тарабындагы Зинтан шаарынан алыс эмес жерде, өзүнүн багынан атып кетишкен.
Каддафи-кичинин кеңешчиси ливиялык телеканалга берген маегинде кол салгандар видеокөзөмөл камераларын өчүрүп, Сейф аль-Исламды өлтүргөнүн айткан. Бул маалыматты үй-бүлөнүн адвокаты Марсель Чеккальди да тастыктады.
Саиф Каддафи – Ливияны 1979-жылдан 2011-жылга чейин башкарган Муаммар Каддафинин экинчи уулу. Саиф мамлекеттик расмий кызматтарда иштеген эмес, бирок 2011-жылы режим кулаганга чейин тышкы саясий жана ички маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектеп турган.

