Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына волонтёрлорду тандоо башталды. Эл аралык масштабдагы иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө өтөт.
Волонтёрлор төмөнкү багыттарда иштешет:
— логистика
— конокторду тосуп алуу
— мелдештерди коштоо
— жана оюндардын уюштурулушун камсыз кылган башка иштерде
Тандоо эки этапта жүргүзүлөт:
I этап — volunteer.kg сайтында онлайн катталуу
II этап — онлайн тандоодон өткөндөр менен маектешүү
Тандоодон өткөн волонтёрлор үчүн:
— окутуу программалары
— тренингдер
— даярдык лагерлери каралган
Арыздарды кабыл алуу 3-март, саат 18:00гө чейин уланат.

