Мекеменин маалыматына ылайык, жеткирүүлөрдүн азайышы, сезондук шарттар, ошондой эле тооктордун тукумун жаңылоо жана пландуу эмдөө иштеринен улам өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы баага таасир берген.
Мындан тышкары, канаттуулар фабрикаларында тоюттун, таңгактоочу материалдардын жана логистиканын кымбатташы дүң баанын өсүшүнө алып келген. Кызмат базарлардагы ортомчулар да баанын көтөрүлүшүнө себеп болгонун белгилеп, бааны турукташтыруу үчүн канаттуу өстүрүүчүлөр ассоциациясы жана ири соода түйүндөрү менен жыйын өткөрдү.

