Баатыр энелердин балдарына окуу акысына жеңилдик берүү сунушталды

Жогорку Кеңеш комитети Баатыр эне ордени менен сыйланган энелердин балдары үчүн жаңы жеңилдик караган токтом долбоорун колдоду.

Демилгеге ылайык:

  • ЖОЖдордо контрактта окуган студенттерге
  • окуу акысынын 50%ын мамлекет төлөп берүү сунушталууда

Талкууда финансы министринин орун басары Улугбек Календеров бул жеңилдиктерди каржылоо гранттык каражаттар аркылуу гана мүмкүн экенин белгиледи.

Айрым депутаттар маселени кайра карап чыгуу жана тиешелүү органдар менен биргеликте компромисстик чечим табуу керектигин айтышты.

Демилге азырынча талкуу стадиясында, акыркы чечим али кабыл алына элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *