Кыргызстанда 11 айда Жер ресурстары кызматы 86 миңден ашуун сатып алуу келишимин каттады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Кызматтардын түрлөрү боюнча алсак:
– кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча 420 555 бирдик катталган;
– нотариалдык күбөлөндүрүүнү милдетүү талап кылбаган укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча 111 355 бирдик катталган;
– кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүү боюнча 376 984 маалымат берилген;
– жерге жайгаштыруу көктөмдөрдүн жол-жоболоштуруу жана жер участогуна укукту ырастаган документтерди берүү боюнча 121 809 мамлекеттик акт берилген;
– кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык изилдөө боюнча 82 367 техпаспорт берилген.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *