Маалыматка ылайык, буга чейин соцтармактарга «Ош облустук милициянын башчысынын орун басарлары мушташып жатат» деген видео тарап, коомчулукта кызуу талкууга алынган. Бул факты боюнча окуя болгон жерге ыкчам тобу жана ички иликтөө кызматкерлери барып, далил зат катары кан тактары ошондой эле көп кабаттуу үйдө орнотулган видеокамералардан видеодалилдер алынган.
Териштирүүдө, Ош облустук милициясынын башчысынын үч орун басары пикир келишпестиктен ортодо уруш чыккан. Мушташтан кийин кол алдындагы кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жана тарбия иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн облустук милициянын башчысы Жеңиш Жоробековго «кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө» эскертүү тартип жазасы берилди.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар тийиштүү органдарга жиберилип, юридикалык баа берилет.