Жалал-Абад шаарынын таштанды полигонунда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод курулуп жатат. Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда аталган заводдун курулуш иштери жүрүп жатат.
Завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулууда. Заводдун курулушу ушул жылдын июль айында аяктайт. Анда Жалал-Абад шаарынан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат.
Ал эми алдыда кайра иштетүүгө даярдалган сырьедон турмуш-тиричилик жана курулуш каражаттарын өндүрүү жолго коюлат.