Бүгүнкү күндө өлкөдө 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланууда. Бул үй-бүлөлөрдү жана балдарды каржылоого быйыл 48 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Министр Гүлнара Баатырова Аламедин районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерип, балдар жана ата-энелер менен баарлашты.
Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат. Алардын билим алуусуна мамлекет жашоо минимумунун бир жарым өлчөмүндө каражат бөлөт.
Фостер институту өлкөдө 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган.

