Төкмө акын Нурайым Бактыяр кызы Монголияда өткөн эл аралык айтышта 3-орунду ээледи. Бул тууралуу «Манас» кыргыз улуттук театрынан маалымдашты.
Эл аралык айтыш белгилүү акын, жазуучу, коомдук ишмер Мурат Пушатай уулунун 70 жылдык мааракесине арналып «Бай өлкөм – баш бешигим» аталышында өткөн.
Айтыштын финалы 26-ноябрда болуп, Нурайым Бактыяр кызы 3-орунга татыган. Ошондой эле акын кызга диплом жана акчалай сыйлык тапшырылган.
Айтышка Кыргызстандан төкмө акын Нурайым Бактыяр кызы менен “Манас” театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков катышкан.