«Сен жалгыз эмессиң!» Зомбулукка каршы 16 күндүк акция башталды

“Сен жалгыз эмессиң!» Мындай аталыштагы зомбулукка каршы 16 күндүк акция бүгүн Ош шаарында башталды.

Саамалыктын алгачкы кунү ОшМУда уюштурулду. Анда катышуучуларга зордук-зомбулук боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, жабырлануучуларга колдоо көрсөтүугө багытталган маалыматтар берилди. Ошондой эле тасма көрсөтүлуп аны талкуулоо аркылуу эксперттерге суроолор берилип, иш-чаранын соңунда “Мен сага ишенем” аттуу флешмоб уюштурулду. Уюштуруучулар бул катышуучулардын зомбулуксуз коомду түзүүгө болгон тилектештигинин жана чечкиндүүлүгүнүн ачык-айкын көрүнүшү катары баалашты. Акция 10-декабрга чейин уланат. Ош жана Өзгөн шаарларында, ошондой эле Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунда өткөрүлөт.

Бул иш-чара “Аялзат” Аялдардын Демилгелүү Борбору тарабынан уюштурулуп жергиликтүү жамааттын лидерлери, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана коомдун активдүү жарандары катышты. Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы” долбоорунун алкагында АКШнын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (USAID) колдоосу менен “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.



Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *