Жогорку Кеңеш Кыргызстандын желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Добуш берүүдө 66 депутат макул, 8 депутат каршы болушту.

Тууну өзгөртүү демилгесин депутат Улан Примов жана төрага Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан.
Демилгечилердин бири, депутат Улан Примов мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик символдорунун бири болгон Кыргыз Республикасынын желегин жакшыртууга багытталганын белгиледи. Тагыраагы, туудагы айрым элементтерге тактоо киргизип, өзгөртүү сунушталууда.


“Президент Садыр Нургожоевичтин өзүнүн кеңеши менен ушул вариант чыкты. Ал чет өлкөлөргө барганда көпчүлүк учурда “Силерде күн караманын орду канчалык? Күн караманын өлкөсүсүңөрбү?” деген суроолорду тынбай берип жатканын айтты. Анан кеңешип ушул вариантты иштеп чыктык”, — деди Шакиев.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *